19

Декабрь

2012

 Бүгүн, 18-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев калкты электр энергиясы,газ жана жылуулук менен камсыздоо маселеси боюнча кезектеги жыйын өткөрдү.

Жыйында Ж.Сатыбалдиев иштен чыккан энергетикалык  жабдууларды оперативдүү алмаштырууну жана эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү энергетикалык компаниялардын жетекчилерине  тапшырды.

«Газдын берилишинин күтүүсүздөн чектелиши электр энергиясын пайдаланууну кескин көбөйүүсүнө алып келип, электр тармактарына кошумча күч келтирип, электр энергиясынын көптөгөн  авриялык өчүрүүлөрүнө алып келди»,- деди Өкмөт башчысы.

Бирок,  чектөөлөргө карабастан,  Бишкек шаарынын жылуулук электр станциясы (ЖЭС) иштеп жатканын жана штаттык режимде иштей берерин, ЖЭС  жылытуу сезонуна жетүүчү зарыл болгон мазуттун жана кургак отундун запасы менен камсыздалганын Премьер-министр билдирди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү