04

Октябрь

2012

Бүгүн, 4-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин жетекчилиги астында Өкмөттүн алдындагы Коопсуздук жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча кеңештин отуруму өттү. Ж.Сатыбалдиев өз сөзүндө бүгүнкү Коопсуздук кеңешинин отурумунун күн тартибиндеги маселелер кечээ укук коргоо жана күч органдары менен болгон кеңешменин уландысы экендигин белгиледи. Шаршемби күнү Премьер-министр укук коргоо жана күч органдары менен Бишкек шаарындагы болгон окуялар жана жалпы өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал боюнча жыйын өткөргөн. “Өлкөдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу Өкмөттүн тикелей  катуу көзөмөлү астында турат. Укук коргоо органдары күч менен бийликти алмаштырууну болтурбоого дайыма даяр. Биз өздөрүнүн жеке жана саясий кызыкчылыктарын көздөгөн саясатчылардын тобу өлкөдө башаламандыкты жаратып, элдин тынчтыгын бузуусуна жол бербейбиз. Бул үчүн Өкмөттүн толук мыйзамдуу укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү бар. Өкмөткө жарандардан тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча көптөгөн кайрылуулар түшүп жатат. Ошондуктан Бишкекте жана өлкөнүн бардык аймактарында конституциялык тартип толук сакталат. Бул элдин жана мамлекетибиздин мыйзамдарынын алдындагы биздин түздөн-түз милдетибиз”, - деди Премьер-министр. Отурум учурунда Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү КР Ички иштер министри, Башкы прокурор, Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Комитетинин төрагасы, Өкмөт алдындагы жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы, Өкмөт алдындагы баңги заттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы  маалыматтарды беришти. Отурумдун жыйынтыгы боюнча Премьер-министр укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилерине коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырды.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү