08

Декабрь

2012

 Бүгүн, 7-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев өлкөнүн экономика тармактарынын күз-кыш маалында өткөрүүнүн республикалык штабынын кезектеги селектордук жыйынын өттү.

 Өкмөт башчысы энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовдун, Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин, бөлүп берүүчү  компаниялардын жетекчилеринин маалыматтарын угуп, жакында болгон биринчи сууктар кышка длаярдыктын начардыгын көрсөттү деп белгиледи.

“Силердин  кышка толугу менен даярбыз деп сөз бергениңер курулай болуп, цифраларыңар өйдөлөтүлгөн болду. Каражат бөлүнгөнүнө карабастан ААК «Северэлектро» менен ААК «Ошэлектро” Бишкек, Ош шаарларында өчүрүүлөрдү улантууда”- деди өз сөзүндө Ж. Сатыбалдиев.

Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев калкты жана социалдык обьектерди үзгүлтүксүз жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздоодо энергетикалык компаниялардын жетекчилиги  жеке өзү жооп берээрин баса белгиледи.

Өкмөт башчысы болуп жаткан проблемаларды четтетүүнү жана энергияны үнөмдөө боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү штабдын мүчөлөрүнө тапшырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү