07
Декабрь
Бүгүн, 7-декабрда, мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 2013-2017- жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өнүгүшү боюнча Улуттук Кеңештин (“жол картасы”) биринчи жыйынынын ишине катышты. Жыйында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев коомчулукка Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүнүн Стратегиясынын долбоорун (“жол картасын”) сунуштады.
Төмөндө Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга экономикасынын туруктуу өнүгүшү боюнча Улуттук Кеңештин биринчи жыйынындагы КР Премьер-министринин сүйлөгөн сөзүнүн текстин беребиз.
“Биз бүгүн Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өнүгүшү боюнча Улуттук Кеңештин биринчи жыйынынын ишине катышып жатабыз жана Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин мазмундуу докладын уктук.
Улуттук Кеңештин түзүлүшү жаңы Конституциядан, мамлекеттин саясий түзүлүшүнөн келип чыккан учурдун талабы. Баардык бийлик бутактарынын биргелешип иштеши жана макулдашылган аракети Конституцияда жазылган жана мамлекеттин өнүгүшүнүн маанилүү милдеттерин чечүүгө багытталып коомчулук тарабынан колдоого алынган.
Ошондуктан Президенттин демилгеси өтө маанилүү жана учурдун талабына жооп берет, аны Өкмөт толугу менен колдойт жана аталган документти кайрадан иштеп чыгууда конструктивдик сын пикирлерди эске алганга даяр.
Президенттин докладында өлкөнүн жакынкы 5 жыл ичинде өнүгүүсүнө комплекстүү көз карашы жана өнүгүү жолу баяндалган жана биз ишибизди ыкылас коюп иштөөчү экономиканын тармактарынын стратегиялык өнүгүшүнүн приоритеттери такталган.
Аталган концептуалдык документ эксперттик коомдорду, илимдин белгилүү ишмерлерин тартуу менен Президенттик Аппараттын жана өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлеринин биргелешкен аракеттери менен жасалды.
Урматтуу Кеңештин мүчөлөрү!
Учурда мамлекет астында көптөгөн жылдардан бери чечилбей келе жаткан оор маселелер турат. Көз карандысыз аналитиктердин да, эл-аралык рейтингдеги биздин өлкөнүн канаттандыралыксыз позициялары да, көптөгөн проблемалар бар экендигин айгинелейт.
Дүйнөлүк глобалдаштыруу процессинен артта калбоого жана борбордук азия регионунда атаандашуу мамлекет катары калуу үчүн реформалоого жигердүү кадам жасообуз керек.
Ушуга байланыштуу жарандардын бакубат турмушу жана мындан ары мөөнөтсүз динамикалуу өнүгүү үчүн биз азыртадан баштап жакынкы жылдарга экономиканын чечүүчү багыттарын тактообуз зарыл.
Кыргызстандын жакынкы беш жылдагы өнүгүүсү баардык бийлик бутактары үчүн жалпы документ экендигин баса белгилегим келет, бирок аны ишке ашыруунун жүгү Өкмөтткө таандык болот, ошонун негизинде ар жылкы иш чараны камтыган орто мөөнөттүү программа иштеп чыгуубуз зарыл.
Аталган концепцияда белгиленген өлкөнүн экономикалык өнүгүү саясатын ишке ашыруудагы Өкмөттүн ар жыл сайын түзгөн пландарынын алкагында конкреттүү чаралар менен саясаттын негизинде ишке ашыруу керектигин белгилейм. Ошону менен катар, ар бир мамлекеттик органдын жеткчиси иш пландагы иш чаранын аткарылышына жана максатка жетишине керт башы менен жооп бериши керек.
Жогорку Кеңеш менен кызматташуубуз эффективдүү болсо Өкмөттүн иши үзүрлүү, натыйжалуу болот. Бул багытта Паламенттин да, Өкмөттүн да өз ара кызматташууну жакшыртууга кенен мүмкүнчүлүктөрү бар.
Кыргызстандын өнүгүү стратегиясынын долбоорун талкуулап жатканыбызда Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн мамилеси жаңы деңгээлге чыгышы керек. Мындан тышкары өзүбүздүн өлкөбүздүн келечегин куруу үчүн жарандарды тартуу механизмдерин кеңейтүүбүз зарыл.
Бир сөз менен айтканда Кыргызстандын жакынкы беш жылга туруктуу өнүгүү Стратегиясы мындан аркы реформалардын пайдубалы болот демекчимин.
Биздин оюбуз боюнча экономиканы реформалоодо керектөөлүчүлүк көз караштан инвестициялык форматка өтүп, долбоорлону жүргүзүүгө өтө көңүл буруу зарыл.
Ушуга байланыштуу Алмазбек Шаршеновичтин тезисиндеги мурда болгон нерселерге көңүл бурбоо практикасынын зарылчылыгын толугу менен Өкмөт колдойт. “Оорулуну дарылабастан, оорунун алдын алуу керек”- дегендей, биз стратегиялык пландаштырууга өтүшүбүз зарыл.
Мамлекет улуттук масштабдагы конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууда инвестицияларды чачыранды колдонуунун практикасын четке кагып, бүт иш аракетибизди бириктирүүбүз абзел.
Өнүктүрүү долбоорлорду каржылоодо “калдыктоо принцибинен” баш тартып, биздин баардык иш аракетибиз энергетика жана транспорт коопсуздугуна жетишүүчү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоочу жана ишкерлик климатты жакшыртууга багытталган стратегиялык экономикалык милдеттерди чечүүгө багытталышы зарыл.
Ошону менен катар Өкмөт улуттук долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мыйзам тарабынан жооп берген кредиттик ресурстарды колдоноорун айтмакчымын.
Кредиттик ресурстарды убагында алуу жана аларды максатка ылайык пайдалануу үчүн Парламент менен Өкмөт уюштуруу иштери боюнча чогуу чечим кабыл алышы абзел.
Экономиканын стратегиялык багытын мыйзам тарабынан камсыздоо үчүн нормативдик актыларды даярдоодо дароо эле баардык документтердин пакетин иштеп чыгышыбыз зарыл. Бул иш Парламенттин, Өкмөттүн жана бизнес, эксперттик коомчулуктун биргелешкен ишинин негизинде жасалышы керек. Биргелешип иштелип чыккан документтердин пакети Парламенттин кароосуна кезексиз берилет.
Жумушчу орундарды камсыз кылган жеке менчик секторундагы кичи жана орто ишканалар кандай гана рыноктук экономика болбосун анын негизин түзөт.
Учурда алар рынокту товарлар менен камсыздап, кызмат көрсөтүп, бюджетке салыгын төлөп тобекелдик менен иш алып барышууда. Ишкерлерди ишмердигин кеңейтүү жолунда чиновниктердин тоскоолдук жасап ашыкча тескөөсүнөн, кысым кылышынан чектөө боюнча биз көп нерселерди жасай элекпиз, муну биз моюнга алуубуз керек.
Өкмөт тарабынан кабыл алынган иш чаралар келерки жылы бизнес жасоо үчүн шарттарды реалдуу жакшыртууну жана эл аралык рейтингде өлкөнүн аброюн көтөрүүнү камсыз кылат.
Бирок, Өкмөт сот бийлигисиз чече албаган да маселелер бар. Алар менчик ээлеринин мыйзамдуу укуктарын, ишкердүүлүктүн эркиндигин жана укугун камсыздоо проблемалары.
Коррупцияланган айрым чиновниктердин пайдасына сот чечими менен чечилген жеке менчик ээлеринин мүлкүн рейдердик басып алуулар да кездешет. Мындай кырдаалды чет элдик инвесторлор инвестицияны жана жеке менчик мүлктү коргоодо мамлекеттин алсыздыгы катары түшүнүшөт. Мындай шарттарда кандай инвестор биздин экономиканы инвестициялайт. Сот системасын реформалоодо ишкерлердин сотторго болгон ишеними калыбына келет деп ишенемин.
Жеке менчик мүлктү, ишкерлердин эркиндүүлүгүн жана укуктарын коргоодо Өкмөт Жогорку сот менен конструктивдүү кызматташууга даяр.
Урматтуу Кеңештин мүчөлөрү!
Өлкөнүн Президенти тарабынан Кыргызстандын өнүгүшүн концептуалдык стратегиясын биргелешип иштеп чыгуу демилгеси жакынкы жылдарга конктреттүү экономикалык багыттарды камтыйт.
Учурдагы жаңы саясий кырдаалда коомчулук, партиялар, бейөкмөт уюмдар бийилик тарабынан жарыяланган максаттарга жетишин көзөмөлдөшөт жана ар бир бийлик бутактарынын бул жалпы ишке кошкон салымын баалашат. Ушуга байланыштуу документти ишке ашыруудагы коомдук жана башкаруучулук көзөмөлдөө процессин так жазышыбыз керек.
Алдыга койго максаттарга жетишүү үчүн аткаруу бийлиги биринчи кезекте “өрт өчүрүүчү” режимде иштебестен ырааттуу кадамдар менен көп мөөнөттүү план боюнча иштөөгө көнүшүбүз керек.
Өлкөбүздүн келечеги үчүн баардыгыбыз макулдашып ойлонуп иш кылуучу документ болуп Кыргызстандын беш жылдык өнүгүшү тууралуу стратегия эсептелинет. Максатка койгон өзгөрүүлөрдү жана иш чараларды жүзөгө ашыруу үч мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтеринин ырааттуу биргелешкен ишибизден, биринчи кезекте мамлекетибизде саясий туруктуулуктан көз каранды болот.
Биргелешкен иш аракетибиздин натыйжасы менен элибиз менен өлкө биримдигин сактап, көз карандысыз экономиканы куруп жана кыргызстандыктар үчүн бакубат жашоону камсыздай алаарыбызга ишенем.
Маалымат иретинде:
Улуттук Кеңешти Президент башкарып анын курамына Премьер-министр, Жогорку Кеңештин Төрагсы, Жогорку соттун Төрагасы, Президенттик Аппараттын Жетекчиси, парламенттик фракциялардын лидерлери, Улуттук банктын башчысы, айрым Окмөт мүчөлөрү, эксперттер жана ишкерлер коомчулугугнун өкулдөрү кирет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү