29
Ноябрь
Бүгүн, 29-ноябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев саламаттык сактоо саясаты боюнча эки күндүк “Медициналык жардамды кеңири катмарды камтуу жана медициналык кызмат көрсөтүү системасын модернизациялоо менен саламаттык сактоодо жетишкендүүлүктү тездетүү” аттуу жогорку звенонун жетекчилери үчүн эки күндүк Форумдун ишин ачты.
Премьер-министр өз сөзүндө саламаттык сактоо тармагында көйгөйлүү маселелерди чечүү жана саламаттык сактоо көрсөткүчүн жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эл аралык уюмдар менен 1990-жылдан бери дайыма алгылыктуу иштерди жасап келүүдө деди.
“1996-жылдан баштап донордук коомчулуктун финансылык жана консультативдик жардамы менен “Манас”, “Манас таалими” программалардын алкагында саламаттык сактоо секторун реформалоо боюнча бир топ иштер жүргүзүлдү. Эл аралык донорлор тарабынан ал иштерди ишке ашырууга гранттык негизде 110,0 АКШнын долл. сарпталганын айтуубуз абзел”- деп белгиледи Премьер-министр.
“Саламаттык сактоо секторунда жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында биздин мамлекет белгилүү өсүшкө жете алды. Үй-бүлөөлүк медицина менен калкты милдеттүү түрдө камсыздандыруу институттарын камтыган саламаттык сактоонун модели түзүлдү. Экономикалык кыйынчылыктарга карабастан акыркы 5 жылда саламаттык сактоону каржылоонун деңгээли акырындык менен көбөйүүдө. Бирок айрым жетишкендиктерге карабастан бүгүнкү күндө саламаттык сактоо системасы калктын муктаждыктарына толугу менен жооп бербейт. Бул багытта биз дагы көп нерсени жасашыбыз керек”- деди өз сөзүндө Өкмөт башчысы Ж. Сатыбалдиев.
Жантөрө Сатыбалдиевдин ою боюнча социалдык жактан начар болгон калктын кеңири катмарына медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу өтө маанилүү.
“Биз бөлүнгөн каражаттарды эффективдүү жана натыйжалуу гана пайдаланбастан, келечекте саламаттык сактоо системасын дотациялык категориядан өзүн өзү камсыздоочу разрядга жеткиришибиз керек. Ошондуктан жакынкы аралыкта айрым медициналык мекемелерди өзүн өзү каржылоого өткөрүп, үнөмдөлгөн каражаттарды тармакты өнүктүрүүгө жумшоо зарыл”деп Ж. Сатыбалдиев баса белгиледи.
Премьер-министр өзүнүн сөзүндө саламаттык сактоо тармагында мамлекеттик жеке өнөктөштүгүнүн алкагында менчиктик секторду активдүү өнүктүрүү боюнча тиешелүү чараларды кабыл зарылчылыгына токтолду. “Саламаттык сактоо системасына мамлекет жыл сайын аябаган чоң каражаттарды жумшайт. Мисалы, 2012-жылы саламаттык сактоо секторунун консолидирлик бюджети 9,0 млрд. сомду түздү. Ошого карабастан натыйжа деле чыккан жок.Ушуга байланыштуу бөлүнгөн финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланышын так көзөмөлдөшүбүз керек”, - деп эскертти.
Ошондой эле Премьер-министр Өкмөт тарабынан саламаттык сактоону реформалоонун 5 жылга чектелген Улуттук “Ден соолук” программасы кабыл алынганын белгиледи. Аталган программаны ишке ашырууга 50, 0 млн. АКШ долл. гранттык каражат бөлүп берүү тууралу донорлук коомчулуктар тарабынан алдын ала жактырылды.
Саламаттык сактоону реформалоо эл аралык уюмдардын, айталык, Дүйнөлүк Банк, ПРООН, Немец өнүктүрүү Банкы, Кызматташуу боюнча Швейцариялык бюро, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, ДВИД, ЮНИСЕФ, ЮНФПА, ЮСАИДдин техникалык жана финансылык колдоосу менен камсыз кылынат.
Маалымат иретинде:
Форум төмөндөгү максатта өтүүдө:
1.Медициналык жардамга кеңири катмарды камтуу жана медициналык кызмат көрсөтүү системасын модернизациялоо аттуу темадагы эл аралык тажрыйбанын негизинде кантип Кыргыз Республикасында саламаттык сактоонунун жетишкендиктерин ылдамдатууга жетишүү боюнча саясый сабак алуу;
2. Саламаттык сактооун Улуттук “Ден соолук” программасын ишке ашырууда саламаттык сактоону келерки муундарга реформалоо боюнча саясатка жоопкерчиликтүү жетекчилер менен саламаттык сактоонун эксперттеринин формалдуу жан бей формал абалда өз ара биргелешип иш алпарыш мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү