05
Январь
Бүгүн, 5-сентябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж. Сатыбалдиев ИИМдин ички иштер аскердик бөлүгү менен таанышып чыккандан кийин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына келди.
Премьер-министр райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөттүк бөлүмүн карап чыкты. Ленин РИИБнин начальниги Сталбек Рахманов Бишкек шаарынын Ленин районундагы коомдук-саясий жана кримногендик кырдаал тууралуу айтып берди.
Анын айтуусу боюнча Ленин РИИБ аймагында 1-январдан бери эки зордуктоо, каракчылык жана бир бычак менен жаракат кылуу фактылары каттоодон өткөн жана бул фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.
Премьер-министрди Ош базарынын аймагындагы жана ага жакын жайгашкан кварталдардагы, ошондой эле жаңы конуштардагы коомдук коопсуздук кырдаалдар кызыктырды.
Андан соң Премьер-министр РИИБ тергөөчүлөрү менен баарлашып, ички иштер кызматкерлерине зор жоопкерчилик жүктөлгөнүн белгиледи. “Коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштарды оперативдүү ачуу сиздердин колуңуздарда. Ошондуктан ар бириңиздер кызматтык милдеттериңиздерди аткарууда жоопкерчилик менен мамиле кылууңуздар керек. Сиздердин ишиңиздердин үзүрлүү болушу жарандардын Өкмөткө болгон ишенимин арттырат. Мындан тышкары, сиздер алдын алуу иштерине көп көңүл буруп иш алып барууңуздар зарыл”,- деди Премьер-министр.
Өкмөт башчысы ички иштер органдарын реформалоонун алкагында милициянын ишмердүүлүгүндө бир топ жакшы өзгөрүүлөр болооруна ишенээрин билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү