13

Сентябрь

2012

Бүгүн, 13-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев саламаттыкты сактоо министрлигинде саламаттык тармагына таандык шаардык жана республикалык уюмдардын жетекчилери менен тармактын орчундуу көйгөйлөрүн талкуулады. Саламаттык сактоо министри Динара Сагимбаева имараттарды ремонт жасоого, медициналык жабдыктарды сатып алууга акчанын жоктогун  жана айыл жергесинде медиктердин жетишсиздигин, тез жардам унааларына болгон муктаждыктын бар экендигин билдирди. Саламаттыкты сактоо тармагына таандык шаардык жана республикалык уюмдардын жетекчилери дагы өздөрүнүн көйгөйлөрү тууралуу айтышты. Өкмөт башчы баарын угуп бүткөн соң, саламаттык сактоо тармагындагы маселелердин келип чыгышы натыйжалуу жана майнаптуу иштин жүргүзүлбөгөнүнө байланыштуу экендигин айтты. “Эгер бир нече жыл мурда саламаттыкты сактоого 2 млрд. сом бюджеттен бөлүнүп берилсе, бүгүнкү күнү анын суммасы 9 жарым млрд. сомду түзүп жатат. Мамлекет колунан келген жардамды көрсөтүп, фельдшердик-акушердик пункттарды, чакан ооруканаларды, поликлиникаларды куруп жатат, медиктердин айлык акысы көбөйтүлдү. Тилекке каршы бюджеттен бөлүнүп жаткан каражат максаттуу пайдаланылбай жатат. Айрым медицина мекемелеринде жөнөкөй нормалар аткарылбай жатат. Сиздердин араңыздарда абдан тажрыйбалуу жана башкаруучу катары белгилүү инсандар  бар. Саламаттыкты сактоо тармагы өзүңүздөрдүн колуңуздарда”, - деп баса белгиледи Ж.Сатыбалдиев. Медиктерге кайрылып, Өкмөт башчы саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү үчүн чын дилинен кызмат кылуусун жана берген Гиппократтын  антын сактоону суранды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык саясат бөлүмү