09
Октябрь
2012
Бүгүн, 9-октябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстандагы Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Бейбит Исабаевди кабыл алды.
Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев жана Элчи Б.Исабаев эки өлкөнүн соода-экономика жана маданий-гуманитардык мамилелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл чек-аралык кызматташууну жакшыртуу маселелерине бурулду.
Жолугушуу Казакстан тарабынын демилгеси менен өткөрүлдү.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү