28
Ноябрь
2012
Жолугушуу учурунда өлкөнүн 2012-жылдын январь-октябрь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүү маселелери, региондордун алдында турган милдеттер, КР Өкмөтүнүн жана КР Премьер-министринин тапшырмаларын, буйруктарын жана токтомдорун ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Премьер-министр ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн жана шаар мэрлеринин көңүлдүн инвестицияларды тартуу иштерин күчөтүү керектигине бөлдү.
«Сиздер өзүнүздөрдүн милдеттиңиздерди аткарууга абдан жоопкерчилик менен мамиле жасашыңыздар керек. Мурун кыскартылган ыйгарым укуктарыңыздар кайрадан калыбына келтирилди. Ошондуктан бардык күчүңүздөрдү айылдарды, шаар жана райондорду өнүктүрүүгө жумшаңыздар», — деди Ж.Сатыбалдиев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү