17
Январь
Бүгүн, 16-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жанаБорбордук Азия боюнча орун басары Роберт Блейк менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда эки тараптык соода-экономикалык кызматташуунун мындан ары өнүктүрүүнүн маселелери талкууланды.
Мындан тышкары тараптар Кыргызстанда ишкерликти жакшыртуу жана ивестицияларды тартуу боюнча ой бөлүштү. Бул маселеден улам, Ж. Сатыбалдиев жана Р.Блейк мыйзамдардын кыйшаюсуз аткарылышы боюнча, коррупция жана уюшулган кылмышкерлер менен күрөшүү боюнча иштердин маанилүүлүгүн белгилешти.
Премьер-министр АКШ компанияларын Кыргызстандын экономиксын инвестициялоого чакырды. “Өкмөт берилген инвестициялык капиталды толук сактоого кепилдик берүүгө даяр.Учурда инвесторлор үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча чон иштер жүргүзүлүүдө”,-деди Ж. Сатыбалдиев.
Р.Блейкти КР Президентинин демилгеси менен кабыл алынган КР туруктуу өнүгүүсүнүн 5 жылдык Стратегиясы кызыктырды. Өкмөт башчысы экономикалык Стратегияга өлкөнүн өнүгүүсүнүн экономикалык пайдубалын түптөнүн негизи камтылгандыгын белгиледи. Стратегиянын экономикалык бөлүгүн ишке ашыруу толук Өкмөткө жүктөлгөндүгүн маалымат иретинде айтты.
Өкмөт башчысы АКШнын жетекчилигине USAID аркылуу көргөзүп жаткан жардамдары үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошону менен бирге эле Ж.Сатыбалдиев USAIDдин жардамдарын натыйжалуулугун арттыруу үчүн анын ишин координациялоого муктаждын белгиледи.
Р.Блейк КРнын социалдык –экономикалык өнөгүшүн колдоо менен АКШ дагы жардамдарды берүүгө даяр экендигин маалымдады. Мындан сырткары АКШ САSA-1000 долбоорун ишке ашырууга кызыкдар экендигине токтолду.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү