19

Ноябрь

2012

Бүгүн, 19-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ислам Иран Республикасынын Кыргызстандагы Ыйгарым укуктуу элчиси Манучехр Морадининин Кыргызстанда дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Өкмөт башчысы М. Морадиге эки тараптуу кызматташуунунун алкагындагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташууну өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары Премьер-министр 2010-жылдын июнь окуяларынан кийинки калктуу пункттарды калыбына келтирүүдө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ж. Сатыбалдиев Ош шаарындагы спортттук комплексти курууда гранттык каражаттарды бөлүп берүүдөгү элчинин жеке аракетин жогору баалады. Премьер-министрге жылуу кабыл алганына ыраазычылык билдирүү менен М. Моради өз кезегинде Тегеранга кайрылып барганда Кыргызстан менен мындан ары да эки тараптуу кызматташуунун өнүгүшүнө салым кошуучу кадамдарды жасай турганы тууралуу белгиледи. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү