12
Октябрь
2012
Бүгүн, 11-октябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев “Инвестторгбанк” АКБсынын Директорлор Кеңешинин төрагасы Владимир Гудковду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап Кыргыстандагы банк тутуму жана каржы рыногунун өнүгүүсү тууралуу маселелерди талкуулашты. Премьер-министр өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу максатында нормативдик-укуктук базаларын арттыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берди.
Ж. Сатыбалдиев Өкмөт инвесторлордун капитал салымдарынын сакталышына кепилдик берерин белгилеп, “Инвестторгбанк” АКБсынын Директорлор Кеңешинин төрагасына Кыргызстандын банк чөйрөсүн өнүктүрүүгө инвестициясын салууну сунуштады.
В. Гудков банк жетекчилиги Кыргызстанда “Инвестторг” банкынын кичи банкын ачууга кызыкдар экендигин маалымдады.
Маалымат үчүн:
АКБ “Инвестторгбанк” (ААК) 1994-жылы март айында түзүлгөн. Инвестторгбанк – универсалдуу коммерциялык банк, экономика тармагынын кенен спектринде иштеген ар түрдүү формадагы ишканаларды жана уюмдарды, чакан жана орто бизнестеги компанияларды, жеке клиенттерди тейлейт. Инветторгбанк - Москва шаарынын Өкмөтүнүн өнөктөш банкы болуп эсептелинет.
Банктын капиталы 2012-жылдын 1-октябрына карата – 13 408 009 миң рубль, валюта балансы – 210 463 007 миң рубльди түзөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү