05
Декабрь
Бүгүн, 4- декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Вэнь Цзябао менен жолугушту.
Расмий сапардын алкагында кыргыз-кытай өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр болду.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Вэнь Цзябао эки тараптуу жолугушууну өткөрүшкөндөн соң Кыргызстан менен Кытайдын өкмөт башчыларына өкмөттүк делегациянын мүчөлөрү кошулушту.
КЭРдин Мамкеңешинин Премьеринин расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда соода-экономикалык жана техникалык кызматташууга байланыштуу айрым келишимдерге кол коюлду.
Кол коюлган документтердин тизмеси:
1. КР Экономика министирлиги менен КЭРн Коммерция министирлигинин ортосундагы экономикалык жана инвестициялык иш чараларды өнүктүрүү жана мониторинг жүргүзүү үчүн кызматташуу жөнүндө Меморандум;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын техникалык-экономикалык кызматташуу жөнүндө Келишим;
3. КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттиги менен КЭР Жер ресурстары министирлигинин ортосундагы геология жана пайдалуу кен тармактар жаатында кызматташуу жана өз ара түшүнүү Меморандуму;
4. «Ош-Баткен-Исфана» жана «Бишкек-Балыкчы» автоунаа жолдорун оңдоо долбоору боюнча КР Финансы министирлиги менен Кытайдын Экспорт-импорт банкынын жеңилдетилген насыя тууралуу Келишими.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү