30

Декабрь

2012

Бүгүн, 29-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин жетекчилик  составы менен жолугушту. Жолугушууну ачып жатып Жантөрө Сатыбалдиев,  жолугушуунун максаты Жаңы Жылды майрамдоону өткөрүү маалында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо экендигине токтолду. «Ички иштер органдарынын кызматкерлери майрам убагында күчөтүлгөн режим менен кызмат өтөшөт. Ар бир Кыргызстандын жараны ар кандай укук бузуулардан  укук коргоо органдары тарабынан коргоолоруна ишеними болуш керек», -деп белгиледи Өкмөт башчысы. Ведомствонун алдыдагы иштерине токтолуу менен Премьер-министр Ички иштер министирлигинин министри Шамил Атаханов жана башка милициянын бардык кызматкерлери уставды сактоолоруна  өзгөчө  көңүл бурду. «Жетекчиликтин түз тапшырмасына баш ийбөө офицердин ар намысын уят кылуучу жана жол берилбөөчү нерсе деп эсептейм. Ички иштер органдарынын тартиптик уставына ылайык начальниктин буйругу кынтыксыз, так жана өз убагында аткарылышы керек. Мындай принциптерге баш ийбеген кызматкерлерге ички иштер органдарында орун болбос керек», - деди Премьер-министр. Жолугушуунун  соңунда  Премьер-министр милициянын кызматкерлерин, алардын үй-бүлөөсүн, Ички иштер министирлигинин ардагерлерин келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады жана аларга чың ден-соолук, бакубат турмуш, иштерине ийгилик каалады.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

                                                                                                                                       маалыматтык саясат бөлүмү