27

Сентябрь

2012

Бүгүн, 27-сентябрь күнү Премьер-министр Ж. Сатыбалдиев Ялта шаарында (Украина) 2012-жылдын 27-28-сентябрында өтө турган КМШ Өкмөт башчыларынын Кеңешинин жана ЕврАзЭСтин мамлекеттер аралык Кеңешинин (өкмөт башчыларынын деңгээлинде) өтүүчү кезектеги жыйынына учуп кетти. КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунда Шериктештиктин мейкиндигинде өз ара кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө багытталган жыйырмадан ашык документтердин долбоорлорун талкуулоо күтүлүүдө. ЕврАзЭСтин отурумунда уюм аракеттенген зонада интеграциялык процесстерди мындан ары өнүктүрүүгө багытталган макулдашуулардын долбоорлору талкууланат. Ошондой эле кеңешме отурумунун алкагында Премьер-министр Ж. Сатыбалдиев КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү