15
Ноябрь
2012
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Жалал-Абад областына караштуу Ноокен районундагы Бүргөндү айылында “Щедрая долина” айыл-чарба кооперативинин жетекчилигине жана жамаатына агрардык тармакка жумшаган инвестициясы үчүн ыраазычылык билдирди.
Премьер-министрдин ыраазычылык катында кооператив жасап жаткан иштер, областта гана эмес, Кыргызстандын аймагында кеңири жайылта турган жакшы саамалык болуп саналат деп айтылат.
Соңку жыйырма жылдан ашык убакыттагы пландуу экономикадан эркин рынок мамилелерине өтүү этабы бир катар кыйынчылыктар менен коштолду. Жеке менчикти өнүктүрүүдөгү жеке демилге, өз кызыкчылыгы менен элдин, мамлекеттин кызыкчылыктарын шайкеш коё билүү сыяктуу сапаттарды жаратууда, адамдардын психологиясын, өз жашоосуна, мүмкүнчүлүктөрүнө болгон мамилесин түп-тамырынан өзгөртүү зарыл болчу жана ал бүгүн да болсо актуалдуу. Ошондуктан жаңыча ойлонуп, өз алдынча жоопкерчилик менен иш жүргүзө билген, жигердүү ишкерлерге абдан муктажбыз.
“Долбоордук-эсептик наркы 700 миң АКШ долларга тете болгон 15 миң чарчы метрде жайгашкан, жылына 300 тоннадан 600 тоннага чейин, жалпы суммасы 900 миң доллар продукция чыгаруучу жылыткыч (теплица) комплексинин курулушу, облустун инвестициялык климатына дем берүү менен бир гана айылдын эмес жалпы райондун экономикасынын өнүгүшүнө, кошумча жумуш орундарын түзүүгө олуттуу салым кошот”, - деп жазылган Өкмөт башчынын ыраазычылык катында.
Аталган жылыткычта экологиялык жактан таза жашылчалар өстүрүлөт. Алардын 90 пайызы Россияга экспорттолот.
Айтып кетчү нерсе, Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары учурунда Майлуу-Суу шаарына бара жатып, жолдон токтоп аталган жылыткычтын ишмердүүлүгү менен толук таанышып чыккан.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү