07
Декабрь
Бүгүн, 7-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Япониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) Вице-президенти Кьеши Кодераны кабыл алды.
Тараптар жолугушуу учурунда айыл чарба секторун, жол-транспорттук тармагын өнүктүрүү, Бишкектеги кыргыз-япон адам өнүгүүсү борборунун базасында кыргызстандык ишкерлерди окутуу жана мындан ары кызматташуунун приоритеттүү багыттарын талкуулашты.
Вице-президенттин айтуусу боюнча, жогорудагы негизги багыттар JICA тарабынан даярдалган Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатуу тууралуу аналитикалык материалда чагылдырылган.
Ысык-Көл областында ишке ашырылып жаткан “Бир айыл-бир продукт” долбоорун башка областтарга жайылтууга даярдыктарын тараптар билдиришти.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү