11

Апрель

2013

Бүгүн, 10 -апрелде, Кыргызской  Республикасынынпремьер-министриЖантөрө Сатыбалдиев жана  Түркиянын  Премьер-министри Реджеп Тайип Эрдоган Бишкек шаарынын “Жал” кичирайонундагы   Кыргыз-Түрк «Манас»  университетинин базасында түзүлгөн Кыргыз-Түрк  билим берүү боборунун ачылышына катышышты.

Өкмөт башчысы,  Түркиянын Премьер-министрине Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин өнүгүшүнө кошкон зор саламын баса белгилеп ага ыраазычылыгын билдирди.  «Кыргызстан боюнча университеттин материалдык –техникалык базасынын жабыдылышы алдыңкы орунда турат . Окуу жайдын жетекчилиги алдыларына конкреттүү амбициялуу максаттарды коюу менен эл аралык масштабда татактуу орунга жетүүнү көздөп жатат”-деди Ж.Сатыбалдиев.

Студенттер менен баарлашуу учурунда Өкмөт башчысы, Кыргызстандын келечеги билимдүү жаштардын колунда экендигине ишене тургандыгын белгилеп, терең билим жана  мыкты дүйнө тааным, келечекте өз алдынча аттана турган турумшутун даңгыр жолунда өз жемишин берерин айтты.

Ал эми Түркиянын  Премьер-министри Реджеп Тайип Эрдоган, бул борбордун ачылышы университеттин жетишкендиги менен Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы бекем достукту чыңдоого барабар болуп калды.  «Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын жарандарынын Түркиядан билим алып жаткандарынын саны бир канча миңди түздү. Биз бул жетишкендиктер менен эле токтобойбуз. Тескерисинче билим берүү жана илим жаатындагы кызыматташууну өркүндөтөбүз.  Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Кыргызстандын билим берүү системасындагы алган татыктуу орду бизди сыймыктандырат.Бүтүрүүчүлөрдүн билимдүүлүгү боюнча айтып түгөтө албагандай сөз көп. Бул университетте окууну каалаган Түркиянын жарандарыда бар”- деди ал.