08

Февраль

2013

 Бүгүн, 7-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Финансы министри Ольга Лаврованын, КР Өкмөтүнө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Нарбаевдин катышуусу менен 2013-жылдын республикалык бюджетинен капиталдык салым статьясы боюнча каржылануучу обьекттердин тизмесин түзүү тууралуу жумушчу жыйын өткөрдү. 

Финансы министри О. Лаврова бюджеттен бул жылга капиталдык салым статьясы боюнча 2 млрд. 400 млн. сом каралып жатканын маалымдады. 

«Быйыл биз курулуш сезонун өткөрүп жибербешибиз керек. Баарынан мурда 60 пайыз курулуш иштери бүтүп токтоп калган обьекттердин курулушун бүтүрүшүбүз зарыл”, - деп белгиледи Ж. Сатыбалдиев. 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү