18
Апрель
Бүгүн, 18-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев региондорго болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун калкы жана активи менен жолугушту.
Жолугушууну ачып жатып Өкмөт башчысы “Макмалалтын” алтын кен комбинаты Тогуз-Торолуктар үчүн маанилүү социалдык-экономикалык орунду ээлерине токтолду. “Өкмөт “Кыргызалтын” ААКсынын туруктуу иштешине кызыкдар. “Кыргызалтын” ААКсына 6.5 тонна алтындын запасы бар Кылдоо кенин иштетүүгө берилди. Бул кадам аталган акционердик коомдун кубаттуулугун күчөтүүгө багытталат”, -деди Ж. Сатыбалдиев.
Премьер-министр райондун тургундарына “Макмалалтын” комбинатынын келечеги бар экендигин жана дагы 15 жыл иштээрин маалымдады. “Райондун өнүгүүсүнө кирпич заводунун курулушу салымын тийгизет Биз жаңы социалдык объекттерди, мектептерди, спорт залдарын , маданий жайларды курушубуз керек. Ошондуктан кирпич заводунун курулушун жылдын аягына чейин куруп бүткөрүү биз үчүн маанилүү”, -деди Премьер-министр.
Ошондой эле Премьер-министр 2012-жылдын, 2013-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыктарын жана экинчи жарым жылдыкка, жакынкы жылдарга социалдык-экономикалык пландар тууралуу сөз козгоду.
“Алдыга койгон иштердин баардыгын ишке ашырууга бизде мүмкүнчүлүктөр бар. Аны аткаруу үчүн өлкөдө саясий туруктуулук болуш керек. Биздин сынчыларга мыйзам чегинде кабыл алган чечимдерибизди тастыктоо үчүн көп убактыбыз кетет”,- деди Ж. Сатыбалдиев
Андан соң Өкмөт башчысы райондун тургундарынын суроолоруна жооп берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү