03

Апрель

2013

Бүгүн,2-апрелде,  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев ички иштер органдарын реформалоо Концепциясын талкуулоо боюнча  кезектеги жыйын өткөрдү. Ошондой эле жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Данияр Тербишалиев жана Айнуру Алтыбаева катышты. 

Ж.Сатыбалдиев Концепциянын долбоорун талкуулоо аяктоо стадиясына жетип калганын белгиледи. “Ички иштер органдарын реформалоонун акыркы жыйынтыгы болуп  элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу болуп эсептелинет. Эгерде биз мындай ийгиликке жетишсек реформанын негизги максаты аткарылат”,- деди ал. 

Концепциянын долбоорун презентациялаган ИИМдин Маалыматтык саясат башкармалыгынын жетекчиси Гүльсара Алиева элдин ишеничине жетүү үчүн  Концепцияда камтылган айрым милдеттер ишке ашуу зарылчылыгын белгиледи. Алардын ичинде милициянын натыйжалуу иштешинин эң башкы көрсөткүчү болуп кылмыштын кесепетинен жабыр тарткан жарандардын укугун калыбына келтирүү эсептелинет. Ошондой эле укук бузууларды эртелей алдын алуу үчүн  калк менен ишенимдүү мамиле түзү жана өз убагында жарандардын кайрылууларына, арыздарына көңүл буруу зарыл. Бул тапшырмаларды аткаруу үчүн тиешелүү нормативдик-укуктук, уюштуруучулук жана ресурстук камсыздоону түзүү керек. 

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу жыйындын катышуучулары алдыга койгон милдеттерди аткаруу үчүн керектелүүчү каражаттарды конкреттүү көрсөтүүнү сунуш кылышты. 

Жыйында, айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алып Концепциянын долбооруна акыркы оңдоолорду киргизип аны Өкмөттүн ушул жылдын май айында болуучу жыйынында кароо сунушу кабыл алынды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү