27
Февраль
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусуна болгон иш сапарынын учурунда билдирди.
Бүгүн түштүн кийин, Өкмөт Башчысы Араван райондук аймактык райондук ооруканада болду.
Оорукана менен таанышуу учурунда дарыгерлер жугуштуу оорулар бөлүмү курулуп жатканда каражаттын жоктугунан от жаккыч (котельный) курулбай калганын маалымдашты.
Жанторо Сатыбалдиев Финансы министрлигине апрель айына чейин от жаккычты курууга 5 млн. сом бөлүп берүүнү тапшырды.
Андан соң Премьер-министр ЮСАИД эл аралык кызматташуу уюмунун долбоору менен бөлүнгөн айыл чарба техникаларын жана жабдууларын Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын үрөнчүлүк чарбаларына тапшыруу иш-чарасына катышты жана аталган эл аралык уюм аркалуу республиканын 14.үрөөнчүлүк чарбаларына жардам көрсөтүлөөрүн белгиледи. “Бүгүн түштүк регионунун үч облусунун 6 үрөнчүлүк чарбаларына техника тапшырылды. Ошентип дыйкандар ылайыктуу шарттарда техникалар менен камсыздалат. Өкмөт мындан ары да лизингдик системаны өнүктүрүүгө кызыкдар. Айыл чарбасын колдоодогу эң негизги инструмент бул дыйкандарга жеңилдетилген шартта насыя жана лизинг берүү деп эсептейм”.- деди Өкмөт Башчысы.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү