25
Январь
Бүгүн, 25-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев КР Ички иштер министрлигинин 2012-жылдын жыйынтыгынын жана 2013-жылдын пландарынын маселелери боюнча коллегиясына катышты.
Өкмөт башчысы Ж.Сатыбалдиев 2012-жыл элдин милицияга болгон ишенимин арттырууга негиз болуучу ички иштер органдарынын ишмердигиндеги кардиналдуу өзгөрүүлөрдүн, оң жакка карата жасалган чечүүчү бурулуштун жылы катары эсте калбаганын өкүнүү менен белгиледи.
“Өлкөнүн бюджетинен ички иштер министрлигин каржылоо жыл сайын өсүп жатат. Эгерде 2009-жылы ички иштер министрлигинин кызматкерлерине 900 млн. сом төлөнсө, быйылкы жылы ал көрсөткүч 2 млрд. сомдон ашты. Ошентсе да жыл сайын окшош проблемаларды угабыз. Ошондуктан бюджеттик каражаттардын натыйжалуу колдонулуп жатканын текшерүү керек. Бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу колдоно билсек көп маселелер чечилет”, -деди Ж.Сатыбалдиев.
Премьер-министр ИИМди реформалоону 5 жылга созуунун кажети жоктугуна токтолду. “Азыр 2013-жылдын биринчи кварталынын корутундусу менен жыйынтык көрсөтсө болот. Ал үчүн милициянын аймактык тескөөчүсүнүн функцияларын жана ыйгарым укуктарын кеңейтүү менен ал институтту жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекторлор институтун кайрадан киргизүү процессин тездетүү зарыл. Өлкөдө болуп жаткан кылмыштардын 67 пайызы анчалык оор эмес мүнөздөгү кылмышка кирет. Бул иштерди милициянын аймактык тескөөчүсү эле чече алмак.”,- деди Премьер-министр.
Өкмөт башчысы милициянын аймактык тескөөчүсү менен жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекторлордун ишине дем берүү максатында жыл сайын берилүүчү мыкты милициянын аймактык тескөөчүсү жана инспектору деген сыйлык дайындаганын маалымдады.
Ж.Сатыбалдиев министрликтин жетекчилигинин көңүлүн тергөөчүлөрдүн потенциалын жана кесипкөйлүгүн жогорулатуунун зарылчылыгына бурду.
Жол-кайгуул кызматындагы паракорлукту азайтуу жөнүндө Премьер-министр өзгөчө сөз козгоду. Бул максатта жол-кайгуул кызматынын начальниги Талант Исаевге алгылыктуу иш алып баруу тапшырылды.
Ж.Сатыбалдиев ички иштер министрлигинин өздүк курамына кайрылып жатып Өкмөт Шамил Атаханов баштаган реформаны колдоорун баса белгиледи.
“ Ички иштер органдарында жетекчинин буйругу кынтыксыз аткарылып, офицердин аброю баарынан бийик болушу керек. Тилекке каршы, жумуш тартибин бузуу, жогору турган башчылардын буйруктарын аткарбай коюу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу көрүнүштөр дале болсо көп кездешип жатат.
Мындай фактылар жетишилип жаткан ийгиликтерге дагы терс таасирин тийгизип, коомчулук арасында ички иштер органдары жөнүндөгү негативдүү пикирди жаратат”- деди Ж.Сатыбалдиев.
Премьер-министр министрликтин жетекчилигине уюшкан кылмыштуу топтор менен жана мыйзамсыз баңги заттардын жүгүртүлүшү, кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иштерди активдештирүү, кадрларды ротациялоону иш жүзүндө колдонуу тууралуу тапшырмаларды берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү