19

Ноябрь

2013

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, Москвада кыргыз диаспораларынын жетекчилери менен болгон жолугушууда билдирди.

Премьер-министрдин айтуусунда, бул багытта эки мамлекеттин Өкмөттөрү жигердүү аракеттенүүдө. “Жакында биз орусия тараптан пенсиялык төлөмдөр менен камсыздоо боюнча Келишим долбоорун алдык. Эки тараптын көз караштары дагы талкууланат. Келишим менен таанышып, сунуш берүүгө сиздерде мүмкүнчүлүк болот”, - деди Премьер-министр мекендештерине кайрылып.

Жантөрө Сатыбалдиев мамлекеттер аралык иш  аракеттер өз учурунда жүргүзүлсө, 2014-жылдын экинчи жарым жылдыгынан тарта эмгек мигранттарын пенсиялык төлөмдөр менен камсыздоо системасы киргизилээрин айтты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү