05
Февраль
Бүгүн, 4-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев профилдүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен 2013-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев 2013-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча бюджеттин киреше бөлүгүндө анча чоң эмес өсүш бар деп белгилөө менен бирге ошол эле убакта чыгашанын көбөйгөнүнө токтолду.
Январь айында салык кирешеси 3 млрд. 900 млн. 800 миң сом деңгээлинде божомолдонсо, айдын аягында 3 млрд. 910 млн. 400 миң сомду түздү.
Январда республикалык бюджеттеги финансы каражаттардын жалпы көлөмү 6 млрд. 922 млн. 7 миң. сомго пландалса, азыр биринчи айдын жыйынтыгы боюнча 6 млрд. 926 млн. 500 миң сомду түздү.
Өкмөт башчысы салык жана бажы кызматтарынын жетекчилерине алдыга койгон пландарды аткарууга, ошондой эле бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн кошумча резервдерди табууга тапшырма берди. “Биз бул жылга чоң пландарды койгонубузду эске алып январь айынын жыйынтыгы боюнча алынган темпибизден жыл аягына чейин жазбай арттыруубуз керек. Ошентип гана биз алган милдеттемелерибизди аткара алабыз”,- деп баса белгиледи Ж. Сатыбалдиев.
Мындан тышкары премьер-министр Финансы министрине өз убагында ирригациялык системаны тазалоо, жазгы талаа иштерин өткөрүү үчүн агрардык тармакты кечиктирбестен каржылоо тууралуу тапшырма берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү