27
Март
Бүгүн, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев республикалык бюджеттин эсебинен “капиталдык салым” статьясы боюнча курулуш объектилерин жана курулуштарды каржылоону ачуу жөнүндө жумушчу жыйын өткөрдү.
Премьер-министр быйылкы жылы “капиталдык салымга” 2 млрд. 400 млн. сом каралганын белгиледи. Былтыркы жылы бул көрсөткүч 2 млрд. сомду түзгөн.
“Капиталдык салым” статьясы боюнча 2013-жылы 178 социалдык, ирригациялык жана инфраструктуралык объекттер каржыланат. 1-сентябрга карата өлкө боюнча 63 жаңы жалпы билим берүүчү мектеп ишке киргизилет, жылдын аягына чейин 15 саламаттык сактоо объекттердин курулушу бүткөрүлөт. Жаңы окуу жылынын башталышына карата өлкөдө бузулган авариялык жана чатырда окуган мектептер болбош керек. Эгерде республикалык бюджеттин киреше бөлүгү көбөйсө “капиталдык салым” статьясы боюнча бөлүнүүчү сумма көбөйтүлөт”, - деди Ж. Сатыбалдиев.
Ошондой эле “капиталдык салым” статьясынын алкагында социалдык. инфраструктуралык объекттерди, анын ичинде Баткен облусундагы чек ара боюндагы райондорду суу менен камсыздоочу системаларды, Лейлек районунда көпүрөлөрдө куруу
каралган. Нарын облусунда Нарын шаарынын суу камсыздоочу системасын реконструкциялоо , тазалоочу курулуш жайын куруу каралган. Мындан тышкары Чолпон-Ата шаарынын тазалоочу курулуш жайын куруу, Көкө - Мөрөн дарыясында көпүрөнүн курулушу, “Түп-Кеген”, “Айгүл-Таш-Согмент-Таян” жолдорунун курулушу каржыланат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү