11
Октябрь
11-октябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо боюнча «Centerra Gold Inc.» компаниясы менен сүйлөшүү процессинин келечегине байланыштуу иштиктүү жыйын өткөрдү.
Премьер-министр «Centerra Gold Inc.» компаниясы менен тараптардын финансы-экономикалык багытын талкуулоо иши уланып жаткандыгын белгиледи.
«Тилекке каршы, “Кумтөр” долбоорунун тегерегиндеги абалды ашкере саясатташтыруу коомчулуктун сунушталган реструктуризациялоо долбоорунун экономикалык аспектилерин жеткилең түшүнүүсүн татаалдаштырууда. Мында чечим кабыл алуунун создуктурушунан кыргыз тарап зыянга көбүрөөк учурайт. Анткени долбоордун реструктуризацияланышы менен республика бюджети кошумча кирешелерге ээ болмок. “Өкмөт менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосунда түзүлгөн меморандум кенди башкаруу жана долбоордон кирешени жогорулатуу жаатында көбүрөөк пайда алып келет”, - деди Ж. Сатыбалдиев.
Ошого карабастан, бул документти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде талкуулоо учурунда ар кыл пикирлер айтылып, келишимге түрлүү баалар берилди.
Буга байланыштуу өкмөт башчы меморандумдун финансы-экономикалык, тоо-техникалык жана экологиялык маселелерин, ошондой эле бирдиктүү ишкана түзүүдө тараптардын башкаруу жана укуктук жагын тактап жана кошумча иштеп чыгуу максатында 3 иштиктүү топ түзүү тапшырмасын берди. Иш процессинде иштиктүү топторго Жогорку Кеңештеги талкуу учурунда депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу тапшырылды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү