02

Ноябрь

2013

Бүгүн, 2-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев бюджеттин аткарылышы боюнча жумушчу кеңешмесин өткөрдү. Кеңешмеге каржы министри Ольга Лаврова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов катышышты.

Жантөрө Сатыбалдиев салык жана бажы кызматтарынын жетекчилерине келерки аптада коллегиянын чечимдеринин аткарылышы боюнча отчет даярдоону тапшырды. “Салык чогултуу боюнча мерчемдерди аткарбаган кызматкерлерге тиешелүү чаралар көрүлүшү керек”-деди Премьер-министр.

Ошондой эле, Жантөрө Сатыбалдиев салык жана бажы кызматтарынын жетекчилерине кирешелерди чогултуу боюнча 4-кварталга мерчемделген ишти 100 пайызга аткарууну тапшырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү