14
Февраль
Бүгүн,13-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев бюджеттик каражаттарды эффективдүү пайдалануу боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
Өкмөт Башчысы өлкөнүн 2013-жылга бюджети кабыл алынгандан кийин минсе тирликтерден жана ведомстволордон чыгаша бөлүгүн көбөйтүү тууралуу көптөгөн суранычтар келип түшкөнүн маалымдап, “Биз ал суранычтардын бардыгын аткара албайбыз. Каражаттар бюджетте конкреттүү статьяларга бөлүнгөн. Силер эмне үчүн бюджетти талкуулап жатканда бул маселени козгогон жоксуңар? Ошондуктан бардык минсе тирликтер жана ведомстволор өздөрүнүн чыгаша бөлүгүн кайрадан карап чыгуулары керек. Анын үстүнө Ысык-Көлдөгү жер титирөө менен Баткендеги окуялар бюджетке таасирин тийгизбей койгон жок.. Ар бир министрлик өздөрүнүн көп маселелерин бюджетте каралган каражаттардын алкагында чече алса болот. Иштин бардыгы каражаттардын эффективдүү пайдаланышында, - деп белгиледи Премьер-министр.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү