01

Апрель

2013

Бүгүн, 1-апрелде, Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Нарын облусунун Жумгал районундагы жер көчкүнүн кесепетин жоюу боюнча тиешелүү тармактык мамлекеттик оргнадардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. 

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов  көчкүнүн жалпы көлөмү 875 миң кубометр деп Премьер-министрди маалымдады.Аталган жаратылыш кырсыгынын кесепетинен Мин-Куш, Кызыл-Сөөк, Сары-Булуң, Кызыл-Коргон, Табылгыты, Кең-Суу, Арал, Котур-Суу калктуу пункттары электрсиз калышты. 

Өкмөттүн Нарын облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков жеринде элдер менен тийиштүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. 

Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов  бузулган электр линияларын жана мамыларды толугу менен оңдоону камсыз кылууга чейин электр энергиясын убактылуу альтернативдик  жол менен камсыздоо боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдады.

Өкмөт Башчысы тармактык мамлекеттик органдар ыкчам түрдө биргелешкен аракеттер менен  көчкүнүн кесепетин жоюу иштерин жүргүзүү зарылчылыгын  баса белгиледи. “Создуктурууга болбойт. Аба ырайынын шарттарына карабастан оңдоо, калыбына келтирүү иштери  токтотулбаш керек”.- деди Ж. Сатыбалдиев. 

Премьер-министр Энергетика жана өнөр жай министрине электрсиз калган

Калктуу пункттарга ыкчам түрдө электр энергиясы менен камсыздоону тапшырды. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго, Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовго  бүгүндөн калбай Мин-Кушга  барып кырдаалды иликтеп , оңдоо, калыбына келтирүү иштерин жеринде координациялоону тапшырды. 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү