30
Январь
Мындай тиешелүү тапшырманы бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев өлкөнүн укук коргоо органдарынын жетекчилери, транспорт жана коммуникация министри, Өкмөт алдындагы салык, бажы кызматтарынын, экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын башчылары менен болгон жумушчу жыйынында берди.
Премьер-министрдин тапшырмасына ылайык Кыргызстандын аймагынан күйүүчү- майлоочу заттардын контрабандасына бөгөт кою боюнча Координациялык штабдын иши кайра жандандырылат.
Мындан тышкары жазгы талаа иштерин жүргүзүү мезгилинде Баткен облусунун аймагында контрабандага каршы практикалык иш чаралар жүргүзүлөт.
Укук коргоо органдарына күйүүчү-майлоочу заттардын контрабанда фактыларына бөгөт кою тууралуу тапшырма берилди.
КР Өкмөтүнүн алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясына Баткен облусундагы май куюучу жайларды текшерүүнү жана мыйзамга ылайык келбей иш жүргүзгөн май куюучу жайлардын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча чара колдонуу тапшырылды.
Баткен облусуна күйүүчү-майлоочу майлардын киришин эсепке алуу жана көзөмөлдөө бензинди жана дизелдик майды мыйзамсыз алып чыгууда бөгөт коюудагы иш чаралардын маанилүү бөлүгү болгондуктан Кадамжай районунун “Айырбас” чек ара өткөрмөсүндө тиешелүү кызматтардын тартылуусу менен мониторингдөө постун уюштуруу КР Өкмөтүнүн алдындагы салык кызматына тапшырылды.
Көзөмөлдөө жана коопсуздук максатында жакын арада аталган пунктта видео байкоочу орнотулат.
КР транспорт жана коммуникация министрлигине кыска мөөнөттүн ичинде Ош шаарынан Ноокат районуна, Баткен облусуна багыт алган чоң жүк ташуучу автоунааларды милдеттүү түрдө салык жана транспорт министрлигинин тараза кызматтарында каттоодон өткөрүүчү тараза көзөмөлүн уюштуруу тапшырылды.
Мындан тышкары Жантөрө Сатыбалдиев Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө бажы жана чек ара өткөрмөлөрүнөн тышкары коңшу өлкөлөргө өтүп жаткан муңай заттарга жана башка товарларга бөгөт кою үчүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдардын жана башка тиешелүү органдардын жетекчилерин өтмө жолдорду тосмо коюп бекитүү боюнча бардык чараларды көрүүгө милдеттендирүү тапшырылды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү