19

Октябрь

2013

Бүгүн, 19-октябрда  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик мааниге ээ жаңы муундагы биометрикалык документтерди жасоонун жана калкка берүүнүн автоматташтырылган маалыматтык системасын  киргизүү маселеси боюнча кеңешме өттү.

Кеңешмени ачып жатып, Жантөрө Сатыбалдиев 2013-жылдын жаз мезгилинде анын тапшырмасы боюнча биометриялык документтерди киргизүү  маселесин  изилдөө үчүн атайын  жумушчу топ түзүлгөнүн  жана  калкка биометриялык документти берүү процессин тездетүү зарылчылыгын баса белгиледи.

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев биометрикалык документтерди  жасоо жана берүү боюнча маалыматтык системаны киргизүү долбоору менен тааныштырды. Анын айтымында, 2002-жылы дүйнөдөгү 180 өлкө өкүлдөрү биометриялык паспортторду жана келип-кетүү визаларын идентификациялоонун негизги технологиясы катары таануу жөнүндө Жаныорлеан Макулдашуусуна кол коюшкан. Азыркы учурда Кыргызстандан башка КМШ өлкөлөрүнүн баары биометриялык документтке өтүшкөн. Биометрикалык документтерди окшоштуруп жасоо мүмкүн эмес. “Биометриялык документтин өзгөчөлүгү – анда манжалардын  тактары колдонулат. Смарт-картага кирүү үчүн онго чейинки манжа тактарын пайдаланууга болот”,- деп баса белгиледи Эрлан Сапарбаев.

Биометриялык документтерди ишке киргизүү үчүн 1 млрд. 271 млн. сом керектелет. Ал эми  бул долбоорду   ишке ашыруу үчүн өлкөдө укуктук негиз бар. Болгону айрым гана ченемдик-укуктук актыларга бир катар өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылчылыгы бар.

Премьер-министр биометриялык документтерди киргизүү боюнча  кээ бир мамлекеттик органдардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен долбоорду толуктап, бул маселени кыска мөөнөттө кайрадан Өкмөттүн кароосуна киргизүүнү тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү