29

Октябрь

2013

Бүгүн, 29-октябрда, өлкөнүн борбору Бишкек шаарында “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосунда “Мамлекеттик саясат жана стратегиялоо: натыйжалуу өнөктөштүктү куруу” аталышындагы эки күндүк форум өз ишин баштады.

Форумдун ачылышына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев катышты.

Премьер-министр өз сөзүндө форум өлкөнүн өнүгүшү үчүн жан тарткан адамдардын, серепчилердин пикир алышуу аянтчасы болооруна үмүтү бар экенин айтты.

“Бүгүн биз өкмөт менен серепчилер коомчулугунун өз ара аракеттешүүсүнүн айкын механизмдерин иштеп чыгуу үчүн жолугуп отурабыз. Өкмөт башчысы катары, биз сынга жана сүйлөшүүлөргө даяр экендигибизди жоопкерчиликтүү түрдө айта алам. Форумдун жүрүшүндө айтылган мыкты сунуштар мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулаткан, өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушун жакшыртууга багытталган айкын кадамдарга өзгөртүлөт”,-деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Өкмөт башчы үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын көрсөткүчтөрүнө да токтолду. “Ички дүң продукциянын өсүү темпи былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2013-жылдын январь-сентябрь айларына карата 9,2 пайызды түзөт. “Кумтөр” ишканасын эсепке албаганда ички дүң продукциянын  өсүүсү 6%. Биз 2017-жылга чейин экономиканын өсүшүн жылына 7% деңгээлге көтөрүүнү болжолдоп жатабыз. Инфляция 2% болот”,-деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Премьер-министр Өкмөт чыгымдарды төмөнкү деңгээлге чейин кыскартканын белгиледи. Экспорттук операцияларды жүргүзүүдө уруксаат кагаздары сегизден экиге  түштү. Учурда импорттук операциялар Бажы союзунун стандарттарына дал келгидей ыкмага келтирилүүдө.

Төмөндө Премьер-министрдин сөзү толугу менен берилген:

“Аталган Форум- Өкмөт демилгечи болуп ар кандай тармактын серепчилери менен өкмөттүн ачык жана натыйжалуу сүйлөшүүсүн камсыздаган иш-чара. Коомдун өнүгүшүнүн башкы принциби болуп саясий жана экономикалык конкуренция экендигин эстен чыгарбообуз абзел. Өнүгүү программасы кырдаалга жараша өзгөрүлмө болуп, узак мөөнөттүү улантуучулук сапатка ээ болушу керек.

Биздин идеялар Форуму ой-пикирлери менен бөлүшүүнү каалаган пикирлеш өнөктөштөрдүн ар бирине мүмкүнчүлүк берет.

Биргелешип түзгөн аянтчабыз форумдун алкагынан сырткары да иш алып бараарына ишеним артам, ал эми, форумдун жүрүшүндө түптөлгөн аракеттер жемиштүү болот деп ишенем.

Биз Өкмөт менен бизнестин ортосунда натыйжалуу диалог курууга дилгирбиз. Анткен менен, жеке сектордон натыйжалуу сунуштар керек. Көпчүлүгү бизди Өкмөт күнүмдүк маселелер менен алек болууда деп сындашат. Ишкерлер өз көйгөйлөрүн жакшы билишет жана алар бизге өнүгүү боюнча тажрыйбалуу документтердин мисалында ой-пикирлерин сунуштоосу керек. Мен дайым бизнесмендерге аларда тек гана сунуштан сырткары тигил же бул багыттагы ишке негизделген тажрыйба, билим бар экендигин айтып келем. Тажрыйба- негиздүү аргумент.

Урматтуу Форумдун катышуучулары!

Чечимдерди кабыл алуу процесси көзөмөлдөө жана мониторинг үчүн сунуштарды кабыл алууга ачык болгондо гана адамдардын керектөөсүнө багытталат жана натыйжалуу болот. Өз көз карашы бар өз өлкөсүнүн ар бир патриоту процесстин жүрүшүнө гана таасир бербестен, өкмөтүнө туура чечим кабыл алууга жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү болуш керек.

Биздин жарандардын турмуш шартынын жакшырышына таасир берген карым-катыш үлгүсүндөгү натыйжалуу кызматташтыкка сиздер жигердүү катышасыздар деп ишенем.

Биз биригүү менен жашообуздун бир топ тармактарын өзгөртө алабыз. Өкмөт сунушталган баардык пикирлерди карап чыгат жана биргелешип иштеп чыккан үлгүдө турмушка ашырат.

Биздин форумга ийгилик каалайм”.

 

                                                                                           КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү