22
Февраль
Бүгүн, 22-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ички иштер министрлигинин жамаатына Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Абдулда Суранчиевди тааныштырды.
“Шамиль Атахановдун башка кызматка өтүшүнө байланыштуу Абдулда Суранчиев Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Мен сиздерди Өкмөт башталган реформаны аягына чейин чыгараарына ишендирем. А.Суранчиев ИИМ системасында жаңы адам эмес, ал бул системасын терең түшүнгөн жетекчи. А.Суранчиев катардагы милициянын кызматкеринен министрдин орун басарлык кызматына чейин көтөрүлгөн”, - деди Ж, Сатыбалдиев.
КР ИИМинин жамаатына Өкмөт башчы кайрылып жатып офицерлер өз кызматтык милдеттерин так аткаруулары керектигин белгиледи. “Милициянын аброюн, кадыр-баркын жогорулатпасак, биз элдин бийликке болгон ишенимин кайтара албайбыз”,- деди Ж. Сатыбалдиев.
Маалымат иретинде:
А.Суранчиев 1993-1996 – жылдары Бишкек шаардык Биринчи май райондук ИИБ начальниги, 1996-2002 - жылдары Бишкек шаардык ИИ башкармалыгынын жетекчиси, 2002-2005 - жылдары ИИ министринин орун басары болуп кызмат өтөгөн.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү