20

Ноябрь

2013

Бүгүн, 19-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев эртең, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өтө турган Санкт-Петербург шаарына келди.

Кеңешменин күн тартибинде достук кызматташтыгынын алкагында алакалашуу деңгээлин камтыган жыйырмага чукул маселе каралат.

Ошондой эле, Премьер-министр КМШ мамлекеттеринин Өкмөт башчылары менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү