03
Май
Бүгүн, 2-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Шанхай кызматташтык уюмунун Генералдык секретары Дмитрий Мезенцевди кабыл алды.
Жолугушуу учурунда тараптар 2013-жылы август айында Бишкекте өтүүчү ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынын өткөрүүгө даярдыктардын жүрүшүн талкуулашты.
Премьер-министр кыргыз тарап Шанхай кызматташтык уюмун экономикалык байланыштарды, өз ара ишеничти, достукту жана регионалдык коопсуздукту бекемдөөчү аспап катары кароосун билдирди.
Ж.Сатыбалдиев Кыргыз Өкмөтү аталган контекстте ШКУнун өнүктүрүү Банкын жана өнүктүрүү Фондун түзүүгө кызыктар экендигин белгиледи. “Мындай финансылык институттардын ачылышы региондогу өлкөлөрдүн экономикасын көтөрүүгө жана теңдөөгө шарт түзмөк”,- деди Өкмөт башчысы.
Д. Мезенцев өз кезегинде ШКУнун коопсуздук боюнча Кеңешинин секретарларынын ийгиликтүү болгон жолугушуусу тууралу маалымдап, жакында болуучу Бишкек саммити бийик деңгээлде өтөөрүнө, ошондой эле ШКУнун төрагасы катары кыргыз тарап Уюмдун бардык календардык иш чараларында активдүүлүк көрсөтөөрүнө ишеничин билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү