01

Апрель

2013

Бүгүн, 1-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Эл аралык Валюта Фонду миссиясынын Башчысы Кристиан Беддисти кабыл алды.

Жолугушуу учурунда тараптар былтыркы жылы октябрь айында жолугушкандан бери бюджеттик-кредиттик тармакта, фискалдык саясаттты өркүндөтүүдө, финансы рыногун өнүктүрүүдө, өлкөдөгү ишкердик  абалды жакшыртууда бир топ  позитивдүү жылыштар болгонун белгилешти. Ошондой эле тараптар алдыга коюлган максатка жетүү үчүн көлөмдүү иштерди аткаруу алдыда экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда тараптар бюджеттик-кредиттик саясат, финансы рыногун өнүктүрүү жана башка мурда макулдашылган келишимдерди ишке ашыруу боюнча КР Өкмөтүнүн жана  ЭВФнын эксперттик топтору иштерди улантууну макулдашты.

ЭВФнын миссиясы Кыргызстанга экономикалык кызматташуу боюнча Меморандумду аткаруунун жүрүшүн төртүнчү жолу кароо үчүн келгенин белгилейбиз.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү