28
Октябрь
Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Нежат Акчалдын биздин өлкөдө дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.
Жантөрө Сатыбалдиев дипломатка ийгиликтүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. “Сиздин 4 жыл ичиндеги кызмат учуруңузда Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда баардык тармакта кызматташтык активдештирилди, бир катар ири долбоорлор ишке ашты. Сиз кыргыз-түрк мамилесинин тереңдешине баа жеткис салым коштуңуз. Кыргыз Өкмөтү Сизге жана Туркия Өкмөтүнө 2010-жылдын июнь окуяларында жабыркаган калктуу пункттарды калыбына келтирүүдөгү салымыңыздар үчүн терең ыраазычылыгын билдирет”,-деди Жантөрө Сатыбалдиев.
Өз кезегинде Нежат Акчал Кыргызстан менен ар убак кызматташтыгын үзбөй тургандыгын айтты. “Кайда жүрбөйүн, мен Кыргызстан үчүн тынчсызданам жана түрк-кыргыз мамилесинин бекемделиши үчүн баардык аракетимди жумшайм”,- деди Элчи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү