09
Апрель
Бүгүн, 8-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кыргыз-россиялык Өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы, Россиянын Федералдык Бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда жакында КР Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин а Россия Федерациясына боло турган жумушчу сапарынын алкагында 22-23-апрелде Москва шаарында өтүүчү Өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунун күн тартибин талкуулашты.
Ошондой эле тарптар Кыргызстандын Бажы Биримдигине кирүү процессин, “Кыргызгаз” ААКсын мамлекеттик акция пакеттерин “Газпром” ААКсы тарабынан менчиктештирүү боюнча келишимдин жүрүшүн талкуулашты.
Маалымат иретинде:
Кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз тарабынын тең төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев эсептелет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү