21

Январь

2013

Бүгүн, 21-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Сох анклавына жакын чек ара боюнда жайгашкан калктуу пункттардын социалдык жана инфраструктуралык маселелерин чечүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.

Чек ара боюна жакын жайгашкан калктуу пункттардын кечиктирилгис тапшырмаларын чечүү боюнча комиссиянын жетекчиси, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эргешов жумушчу топтун ишинин алдын ала жыйынтыгы тууралуу маалымдады. Ал КР Премьер-министрине Баткен районундагы чек ара маселелери боюнча тургундардын көйгөлүү маселелерин чечүүнү, жакында болгон чек ара жаңжалын саясатташтырбоону сурангандарын билдирди. Анын айтуусу боюнча “Бель-Согот-Божой” жолунун курулушунун негизги иштери аяктоодо. “Эки тоо кыры аркылуу өтүүчү жол калды, ага бир жарым айдай убакыт кетет. “Айгүл-Таш-Согмент-Чарбак-Таян” автожолу оңдоп-түзөтүлдү. Мындан тышкары чек ара боюндагы айылдарды таза суу, электр энергиясы менен камсыздоо боюнча иштер жүрүүдө”,- деди ал. А.Эргешов Чарбак айылынын тургундарына 14 тонна көмүр акысыз берилгенин жана кампаларда тоннасы 4500 сомдон сатылуучу көмүр бар экендигин, Божой айылына гуманитардык жардам катары азык-түлүк, дары-дармектер жеткирилгенин кошумчалады. Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев башталган иштер аягына чыгаарын белгиледи. “Мындан тышкары Баткен районунун Чарбак айылында фельдшердик-акушердик пункттун курулушу, ошондой эле чек ара боюндагы Сай айылында мектептин курулушу каралууда”-, деп маалымдады Өкмөт башчысы. “Албетте, чек ара боюндагы айылдардын ондогон жылдардан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлүү маселелерин 2-3 айда биз чече албайбыз. Бирок биз тынымсыз иштеп ошол көйгөйлөрдүн олуттуу бөлүгүн 2013-жылы чечишибиз зарыл”,- деди Өкмөт башчысы.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү