05

Декабрь

2013

Бүгүн, 4-декабрда, Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев «Centerra Gold Inc.»компаниясынын жетекчилиги менен, президенти Ян Аткинсон жана башкы укуктук кеңешчиси Френк Херберт менен жолугушту.

Акыркы жолу 8-ноябрда «Centerra Gold Inc.» компаниясынын жетекчилиги менен болгон жолугушуудан кийин “Кумтөр” долбоорунун мындан ары ишке кирүүсү боюнча маселелердин тегерегинде кыргыз тарап күнүгө Өкмөттүн эл аралык кеңешчилери «DLA Piper UK» жана «Pricewaterhouse Coopers» компаниялары менен биргеликте иш алып барышты. Учурда, “Кумтөр” долбоорунун түзүмдөрүн өзгөртүү боюнча мурда жетишилген сүйлөшүүлөрдүн жакшыртылган варианттары эки тараптын кеңешчилери тарабынан сунушталды.

“Биз ар тараптуу жана конструктивдүү сүйлөшүүлөр менен кабыл алына турган чечимге келишибиз керек”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Ал эми Ян Аткинсон «Centerra Gold Inc.» компаниясы Кыргызстандын эл аралык кеңешчилери менен биргеликте сунушталган варианттарды карап чыгууга даяр экендиктерин билдирди.

Тараптар кийинки жолугушууларды эксперттердин деңгээлинде улантууну чечишти.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү