15
Февраль
Бүгүн, 14-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сактыбалдиев профилдүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен Баткен облусундагы чек ара боюндагы айылдардын социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу тууралуу иш-чаралардын аткарылышы боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйын учурунда КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков учурда чек арада тикенек зым тартылган мамыларды орнотуу иштери кызуу жүрүп жатканын жана чек арачыларга жергиликтүү тургундар жардам берип жатканын маалымдады.
Ыйгарым укуктуу өкүлдөн айтуусу боюнча Чарбак айылында ФАПтын курулушу жүрүүдө. “Божой-Согот-Бел” автожолунун 14 чакырымы курулуп бүтүп 2.5 чакырымы калды. Мындан тышкары “Айгул таш-Согмент-Чарбак” автожолун кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Чек ара боюндагы айылдарга берилген гуманитардык жардамдардын жалпы суммасы 3 млн. сомдон ашты. Аталган айылдарда жашаган элдердин турмуш шартын жакшыртуу боюнча берилген тапшырмалар толугу менен аткарылууда”,- деди Ж. Разаков.
Жыйын учурунда Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагына караштуу Барак эксклавынын тургундарынын көйгөйлөрүн чечүү маселесине өзгөчө көңүл бурду.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү