26

Ноябрь

2013

Бүгүн, 25-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин төрагалыгы алдында Кыргызстандын Бажы союзуна кирүү маселеси боюнча кеңешмеси өттү.

 Кеңешмедеги негизги маселе атамекендик экономиканын жакынкы жана орто мөөнөттөгү перспективаларында макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө интеграция процессинин  таасиринин негизги аспектилерин көрсөткөн Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин буйрутмасына байланыштуу изилдөөлөрдүн жыйынтыгын талкуулоо болду.

 Талкуунун жыйынтыгы боюнча, Бажы союзунун келишим алкагына кошулуунун оң жана терс натыйжалары бар экени айтылды.

 Премьер-министр сүйлөшүү процесси жүрүп жаткандыгын жана Кыргызстан Бажы союзуна улуттук кызыкчылыктар аткарылуу шартында гана кире тургандыгын баса көрсөттү.

 Кеңешменин жыйынтыгы менен тиешелүү министрликтерге жана мекемелерге Өкмөт тарабынан бекитиле турган программалардын документине өзгөртүүлөрдү даярдоо жана киргизүү зарылдыгын тапшырды.

                                                                                                                                                                                                   КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү