28

Январь

2013

Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев: тоо кендерин казып чыгуучу тармактагы бардык инвесторлор менен Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде гана мамиле курабыз  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев инвестор качан гана республиканын мыйзамдарын так сактап иштей баштаганда “Кумтөр” маселеси түз нукка түшөт деп билдирди. “Биздин мыйзамдардын алкагында инвесторлор менен кызматташуу алтын казып алуучу компаниялардын, анын ичинде “Centerra Gold Inc” компаниясынын туруктуу ишинин кепилдиги болот. Тоо кен тармагындагы бардык инвесторлорго өлкөнүн мыйзамдарына ылайык бирдей мамиле кылынат. Инвесторлордун баары бирдей шартта иштеши керек. Эмне үчүн дайыма эле “Кумтөр” маселеси көтөрүлөт? Анткени Келишимдер өлкөнүн эмес, кандайдыр бир топтун кызыкчылыктары үчүн түзүлүп келген. Биздин мамилелерибиз мыйзамдуу түз жолго түшмөйүн мындай маселе көтөрүлө берет. “Кумтөр” келечектүү кен. Өкмөт “Centerra Gold Inc компаниясы менен конструктивдүү сүйлөшүүгө даяр. Учурда иштеп жаткан инвесторлордун мындан ары иштей беришине биз кызыкдарбыз”, -деди Өкмөт башчысы Дүйнөлүк банк менен Азия Өнүктүрүү Банкынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда. Мындан тышкары Премьер-министр өлкөнүн салык салуу системасын иликтөөнүн маанилүүлүгүн, зарыл болгон учурда тиешелүү нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүү киргизүү тууралуу белгиледи.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү