29

Март

2013

Бүгүн, 29-мартта, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын Биринчи орун басары Игорь Шуваловдун  катышуусу менен “Кыргызстан евразиялык интеграциялоонун жолунда” аттуу эл аралык конференциясы өтүүдө. Иш чарага мындан тышкары Казакстандын, Белоруссиянын, Украинанын жана тажикстандын делегациялары катышууда. 

Ж. Сатыбалдиев өз сөзүндө интеграция тышкы сооданын өсүшүн гана камсыздабастан жөнөкөй элдин да жашоо турмушун жакшыртат деп белгиледи. “Ушуга байланыштуу, Кыргызстан Евразиялык экономикалык коомчулу боюнча шериктештер менен  өз ара пайдалуу соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү максатында Бажы Биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык  мейкиндикке  кошулуу тууралуу саясий чечим кабыл алды”,- деди ал.

Өкмөт  Башчысы 1-июнга чейин биргелешкен аракеттер менен Бажы Биримдигине, андан кийин Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке  кошулуу боюнча  Жол картасы иштелип чыгат деп ишеним билдирди. 

Бажы Биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндик Кыргызстан үчүн стратегиялык багыттар экендигин  Өкмөт жакшы түшүнөт деп  Премьер-министр белгиледи.

Ошондой эле Премьер-министр Кыргызстан Бажы Биримдигине кирүүдө айрым кыйынчылыктарга туш болоорун жакшы түшүнөөрүн белгиледи  “ болгон кыйынчылыктарга карабастан биргелешкен аракетибиз менен бардык маселелерди чечүүгө биз даярбыз”, - деди Премьер-министр Ж. Сатыбалдиев. 

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын Биринчи орун басары Игорь Шувалов  Ж. Сатыбалдиевдин  айтканына кошулаарын билдирди  жана Кыргызстандын Бажы Биримдигине кошулушуудагы   алгачкы  кадамдарында сөзсүз кыйынчылыктар болоорун белгиледи. “Биз дагы  мындай өткөөлдөн өткөнбүз. Биз интеграциялык кадамдардын зарылчылыгын  өзүбөздөн парламентке ынандырууда көптөгөн убакыт, күчүбүздү короттук. Ушундай эле жолду Беларусь менен казакстан да басып өттү деп ойлойм”, - деди И.Шувалов. 

Учурда делегаттар: “Бажы Биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикте интеграция шартында Кыргызстандын экономика секторунун өнүгүү келечеги”, “айыл чарбасы жана тамак-аш өнөр жайынын келечеги жан тобокелчилиги”, “жеңил өнөр жайынын келечеги жан тобокелчилиги”, “Интеграциянын калкка болгон таасири” аттуу  төрт секцияда иш алып барышууда. 

“Кыргызстан евразиялык интеграциялоонун жолунда” аттуу эл аралык конференциясынын корутундусу боюнча резолюция кабыл алынат.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү