12

Октябрь

2013

Бүгүн, 12- октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев энергетика тармагындагы тарифтик саясат маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде энергетика тармагындагы көйгөйлүү маселелер жана жакынкы келечекте аларды чечүү боюнча маселелер талкууланды. Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев өлкөдө ири энергетикалык долбоорлорду турмушка ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, бардык иштер мурда белгиленген мөөнөттөр жүрүүдө.

Тариф саясатын талкуулоонун жүрүшүндө Премьер-министр быйылкы жылуулук берүү сезонунда Өкмөт электр кубаттуулугунун баасын көтөрбөй тургандыгын тастыктады.

 «Жылуулук сезону аяктаган соң электр кубаттуулугунун тарифтерин оптимизациялоонун бир нече жолдору каралат. Алар сөзсүз түрдө коомчулуктун талкуусуна коюлат», — деп белгиледи Премьер-министр.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү