27
Февраль
Бүгүн, 27-февралда, Ош облусунда иш сапар менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Араван районундагы А. Анаров атындагы айыл аймагында болду.
Өкмөт башчысы бул жерде эрте себилүүчү картошканы отургузуу иштеринин жүрүшү жана жергиликтүү дыйкандардын парникте өстүргөн продукцияларынын көргөзмөсү менен таанышты. Бул жерде Жантөрө Сатыбалдиев картошканын, помидордун жана пияздын жаңы сорттору менен таанышты. Дыйкандар менен сүйлөшүү учурунда Өкмөт башчысына алар 3 маселени чечип берүүнү суранышты.
Аларга, 2002-жылдан бери тазалана элек узундугу 12,5 чакырым Хаменко каналын тазалоо иштерин жүргүзүү, Араван-Сай дарыясындагы башкы суу коргогучту (водозабор) жана узундугу 3,5 чакырым Узи-Кенди каналын оңдоодон өткөрүп берүү кирет.
Жантөрө Сатыбалдиев дыйкандардын суранычын угуп бул маселени чечүү үчүн Айыл чарба жана мелиорация министрлигине жакынкы эки айдын ичинде сугат суусун камсыз кылууда негизги ролду ойногон бул каналды тазалап берүүнү тапшырды. Ал эми суу коргогучту ушул жылдын май айына чейин оңдоодон өткөрүү жана Узи –Кенди каналын экинчи жарым жылдыкта тазалоо тууралуу чечим кабыл алынды.
Премьер-министр дыйкандар менен баарлашуу учурунда Өкмөт жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө приоритеттүү орун берерин билдирди. “Быйыл биз дыйкандарга 4,5 млрд. сом жеңилдетилген шартта насыя берүү тууралуу чечим кабыл алганыбызды сиздер жакшы билесиздер. Айталы, Араван районунда “Айыл-Банк” аркалуу бүгүнкү күнгө 6,5 млн. сом бөлүнүп берилди. Жакын арада “РСК- Банк” аркалуу каражаттар бериле баштайт. Аларга 2.5 млн сомдук буюртмак түшүптүр. Биздин максатыбыз ал насыяларды чындыгында өтө муктаж болгон дыйкандарга жеткизүү.Жазгы талаа иштери аянттарда өтпөстөн айдоо аянттарында өтүшү керек”.- деди Жантөрө Сатыбалдиев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү