13
Апрель
Бүгүн, 13-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев вице-премьер-министр Шамиль Атахановдун, КР Генералдык прокурору Аида Салянованын, Ички иштер министри Абдылда Суранчиевдин жана УКМКнын төрагасынын биринчи орун басарынын катышуулары менен катышуусу менен кечээ болгон Свердлов РИБнин жана УКМКнын коррупцияга каршы кызматкерлеринин ортосундагы чатакташуу фактысы боюнча ыкчам жумушчу жыйын өткөрдү.
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бул окуяга карата кескин пикир келишпестигин билдирди. “Кызматкерлериңиздер эмне деген мыйзам бузууларды жасады? Мындай көрүнүштү формачан адамдар биринчи жолу жасашкан жок. Мыйзамды сактап жөнөкөй жарандардын укуктарын коргогондун ордуна булар өз ара чыр-чатак кылып жатышат”,- деди Ж. Сатыбалдиев.
Өкмөт башчысы Ички иштер министрине бул окуя боюнча кыска мөөнөттүн ичинде иликтөө жүргүзүүнү жана ал аяктаганча Свердлов ИИБнин начальнигин ээлеген кызматынан четтетип турууну тапшырды. “Күнөөлүнүн бардыгы мыйзам чегинде катуу жазага тартылышы зарыл. Бул окуя тууралуу иликтөөнүн натыйжасын жеке өзүңүз мага маалымдаңыз. Пагончон адамдардын мыйзам бузууларына эң катуу мыйзамдагы чаралар колдонушу керек. Бул ишти мен жеке көзөмөлүмө алам жана Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан көзөмөлгө алынат”,- деп белгиледи Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү