16

Февраль

2013

 

Бүгүн, 15-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Жантөрө Сатыбалдиев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ван Кайвэндин дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Өкмөт Башчысы элчинин кыргыз-кытай достук мамилелеринин динамикалуу өнүгүшү үчүн кошко ийгиликтүү жана активдүү ишине ыраазычылык билдирди жана кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүдөгү өзгөчө кошкон салымы үчүн Ван Кайвэнди Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлады.

Ван Кайвэнь жооп иретинде Премьер-министрдин жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылыгын билдирди жана эки өлкөнүн кызматташуусунун мындан аркы өнүгүшүнө өз салымын кошо берерине даярдыгын билдирди.

Жолугушуу учурунда тараптар тоо-кен өнөр жайын жана айыл чарбасын инвестициялоо боюнча маселелерди талкуулашты. 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү