29
Январь
2013
Бүгүн, 29-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүндө Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Баткен районунун чек ара боюндагы Чарбак, Согмент, Газ жана Кыштут айылдарынын аксакалдары менен жолугушту.
Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев чек ара районундагы кырдаал тууралуу жана социалдык-экономикалык маселелердин чечилиши жөнүндө күн сайын маалымат алып турарын билдирди. “Чек ара боюндагы айылдарга гуманитардык жардам толугу менен жеткизилген. Эгерде дагы зарылчылык болсо тез арада кошумча гуманитардык жардам жеткиребиз. Өзбек тарап менен сүйлөшүүнүн натыйжасында Барак эксклавына гумжардам жеткирдик, темир жол пункттары ачылды. Өз кезегинде Өзбекстан өздөрүнүн эксклавдарына гумжардам жеткиргенге мүмкүнчүлүк алды”,- деди Ж. Сатыбалдиев.
Мындан тышкары Өкмөт башчысы чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча эки тараптык сүйлөшүүлөрдү активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. “Эгерде 2012-жылы бул багытта ийгиликтүү иштер жүргүзүлбөсө, быйылкы жылы чек аранын жок дегенде кандайдыр бир бөлүгүн жазууну пландаштыруудабыз. Албетте бул эки тараптык макулдашуу менен жүргүзүлөт. Эки тараптык сүйлөшүүлөргө кызуу катышууга биз даярбыз”,- деп айтты Өкмөт башчы.
Жолугушуу учурунда Ж. Сатыбалдиев Өкмөт чек арачыларга колдоо көрсөтүү боюнча Өкмөт жасап жаткан иштерге да токтолду жана бул багытта жакында эле чек арачылардын айлык акысы жогорулаганын эскертти.
Согмент айылынын аксакалы Бабаназар Абдраимов баштаган иштерди, атап айтсак, таза суу менен камсыздоону, альтернативдик электр линияларын курууну, чек араны чыңдоону, автоунаа жолдорун курууну аягына чейин чыгарууну чек ара боюндагы тургундар талап кылганын билдирди.
Аксакалдардын суроолоруна жооп берип жатып Премьер-министр бүт башталган иштер толугу менен аягына чыгаарын баса белгиледи. “Баткен областынын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык маселелерин чечүү боюнча тиешелүү буйрукка кол койдум”- деди Премьер-министр.
Жолугушу учурунда Премьер-министр Ж, Сатыбалдиев чек ара боюндагы айылдардын кечиктирилгис маселелерин чечүү боюнча жумушчу топтун жетекчисине, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эргешовго жана КР Өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо боюнча Атайын өкүлү Курбанбай Искандаровго жүргүзүп жаткан иштерди текшерип турууну тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү
